Маданият

Кирүү акысыз. Бишкекте Комуз күнүнө карата чоң программадагы концерт өтөт

Бишкекте Комуз күнүнө карата 9-сентябрда чоң программадагы концерт өтөт. Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында белгиленет. Башталышы саат 18:00дө, каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button