Маданият

Биринчи айым Айгүл Жапарова «Ромео жана Джульетта» спектаклинин премьерасына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Жамал Сейдакматова атындагы «Туңгуч» жаштар театрынын актёрлору тарабынан коюлган Уильям Шекспирдин «Ромео жана Джульетта» спектаклинин премьерасына катышты.

Биринчи айым өз сөзүндө аталган пьеса буга чейин Кыргызстандын таланттуу актёрлорунун аркасы менен көрүүчүлөргө тартууланган өзгөчө спектакль экендигин баса белгиледи.

«Бул ирет «Туңгуч» жаштар театры спектаклге өзүнүн өзгөчө стилин кошуптур. Ага өлкөнүн баардык таланттуу жаштары катышкандыгы кубандырат. Биздин муундун биринчи кезектеги милдети жаштардын арасында маданий баалуулуктарды сиңирүү жана мындай долбоорлорду колдоо керек. Келечекте ушундай долбоорлордун аркасы менен ата мекендик сахнадан кайталангыс талант ээлери болгон Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов жана Советбек Жумадылов өңдүү өз тармагындагы профессионалдар чыгат деп ишенем», — деди ал.

Белгилей кетсек, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын чоң залында 12-13-14-сентябрь күндөрү саат 18:30да Уильям Шекспирдин «Ромео жана Джульетта» спектакли коюлат.

Спектаклдын режиссеру – Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Назим Мендебаиров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button