Коом

Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилип, эстелик мемориалы ачылды

Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш чаранын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.

Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары, облустун активи катышты.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, “мекенди коргоп жатып, баатырларча курман болгон мекендештерибиздин элесин эстеп туруу, биздин инсандык милдетибиз. Биз дайыма алардын эрдигине баш ийип, таазим этебиз! Өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жатып, шейит кеткен аскер кызматкерлеринин, катардагы жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алар өзү үчүн өлгөн жок. Эли, жери, жакындары жана мекени үчүн жанын берди. Мындан өткөн баатырдык барбы? Бул-эр азаматтарыбыздын эркттүүлүк, тайманбастык сапаттарынын далили.

Мына ушундай, чек арадан чегинбеген, Манас атанын урпактары турганда өлкө бүтүндүгү бекем сакталат деген ишеничим чоң” деп белгиледи.

Иш чаранын катышуучулары каза болгон мекендештердин арбайына багыштап куран окуп,бата кылышты.

Белгилей кетсек, эстелик мемориалында чагылдырылган, колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу.

Эстелик мемориалынын автору, жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button