Коом

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат

КРнын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 “КРнын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 6-пунктуна ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарында бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген директорлордун кызмат ордуна конкурстук тандоо башталды.

Токтом — http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/160259/10?cl=ky-kg&mode=tekst

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button