Коом

Алымкадыр Бейшеналиев: «Өнөктөштүк төрөттү жокко чыгардык»

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө, тагыраагы, толгоо тартып жаткан аялдын жанына жакындарын киргизүүгө тыюу салынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Надира Нарматова төрөт учурунда күйөөсүн киргизип койгондуктан кыйналган аялдар көп болуп жатканын айтып, аны жокко чыгарууга чакырган.

«Төрөп жаткан аялдын үстүнө эркекти киргизбеш керек да. Азыр күйөөсүн киргизип коёсуңар. Мындай протоколду жокко чыгарып, тыюу салыш керек. Бул мусулманчылыкка да, христиан динине да туура келбейт. Эркек кишилердин баарын сыртка чыгарып туруп, анан аялды төрөтөт да. Ошонун айынан кесарево жасаткандар, кыйналгандар көп болуп жатат. Бул сөздү айтыш уят эмес, төрөтү туура эмес болуп калууда», — деди Нарматова.

Ал эми Бейшеналиев мындай протокол жокко чыгарылганын билдирди.
«Муну өнөктөштүк төрөт деп коёт, биз аны жокко чыгардык. Учурда сиз айткандай күйөөсү да, башка бирөө да, эч ким кирбейт. Мурдагыдай системага келдик», — деди министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button