Коом

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мамлекеттик дарыканалар ачылат

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мамлекеттик дарыканалар ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 29-сентябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттык сактоо мекемелеринин абалы менен таанышты. Ал калкты сапаттуу жана жеткиликтүү арзан баадагы дары каражаттары менен камсыздоо үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде мамлекеттик дарыканаларды ачуу – калктын көйгөйүн чечүүнүн бир жолу экендигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында Ош шаарына 2 дарыкана түйүнүн, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван райондорунун борборлорунда бирден мамлекеттик дарыкана, Жалал-Абад шаарына 1 дарыкана, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Токтогул, Ноокен райондоруна, Кочкор-Ата шаарына бирден мамлекеттик дарыкана, ошондой эле Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондоруна, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларына бирден мамлекеттик дарыкана ачуу боюнча тапшырмаларды берди.

Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин калктын көйгөйүн чече тургандай артыкчылыктуу багыт менен иш алып барууга үндөдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button