Саясат

Садыр Жапаровдун Кытайга барбай калышынын себеби айтылды

Президент Садыр Жапаровдун Пекиндеги «Бир алкак, бир жол» эл аралык форумга эмнеге барбай турганын ТИМден түшүндүрдү.
Тышкы саясат ведомствосу тараткан билдирүүдө өлкөдө октябрга маанилүү иш-чараларды өткөрүү белгиленип, мамлекет башчынын жумуш графиги абдан тар болгондуктан Кытайга баруу пландалбагандыгы айтылды.
«КМШга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин болгон саммитинен, ШКУга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, Евразиялык өкмөт аралык кеңештин өтчү жыйынынан, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга жасалчу расмий сапарынан улам кыргыз тараптын жогорку деңгээлдеги жолугушуулары (Пекинде – ред.) пландалган эмес», — деп билдирди ТИМден.
Эске салсак, 7-18-октябрга Пекинде эл аралык кызматташуу боюнча «Бир алкак, бир жол» форуму өтүп, ага 140тан ашуун мамлекеттердин, 30дан ашык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Коноктордун тизмесинде президенттер, өкмөт башчылар, министрлер болгон.
Кыргызстандын атынан энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков тематикалык форумдарга катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button