Саясат

Садыр Жапаров президенттик администрациянын атын тандоо боюнча түшкөн сунуштар менен бөлүштү

Президент Садыр Жапаров Facebook` социалдык тармактагы баракчасы аркылуу курулушу бүтүп келаткан президенттик администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча түшкөн сунуштар менен бөлүштү.

Президенттин айтымында, жаңы имараттын аталышы боюнча жалпы 108 вариант сунушталган.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерге бир апта мурун курулушу бүтүп келаткан президенттик администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча кеңеш сурап кайрылган элем.

Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр:

Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо.

Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай.

Эмне үчүн Ынтымак?

Кыргызда бир уламыш кеп бар.

Кызыр алейхисаламдын эшигин каккылап биринчи Бакыт келет экен. Сен кимсин десе, “Бакытмын” дейт. “Аа, күтө тур деп, эшикке күттүрүп коет. Артынан эле Таалай келет. Аны да күттүрүп коет. Ырыс келет, Кут келет, Байлык келет, Бийлик келет, анан эң акырында Ынтымак келет.

“Ии, эми баарыңар чогуу киргиле!, — деп баарын киргизет.

Ошондо беркилер сурайт:

“Ээ Кызыр алейхисалам, эмнеге Ынтымак келгиче чейин баарыбызды күттүрүп койдуңуз?”.

Кызыр алейхиссалам:

“Ынтымагыңар болбосо, бирөөңөр да ушул жерде олтурбайт элеңер. Баарыңар бириндеп,

бири-бириңди карабай, кирип-чыгып кете берет элеңер. Качан гана ынтымак болгондо баары болот. Араңарда ынтымак болбосо, ишиңер оңолбойт. Бириндеп, өзүңөр кошо жок болуп кетмексиңер”, — деген экен.

Чынында эле ынтымагыбыз бекем болсо, баардык ийгиликтер болот.

Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос.

Ынтымак-Манас Ордобузда «Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!»

Эл тарабынан көп варианттар сунушталыптыр, алардын бир тобу окшош экен. Негизи жалпысы 108 вариант сунушталыптыр», — деп жазды өлкө башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button