Саясат

“Кумтөргө” 30 жыл. Президент өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлык тапшырды

Бишкекте “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

    

 

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров геологияны, кен казуу өнөр жайын жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, Кумтөр алтын кенин Кыргыз Республикасынын менчигине кайтаруу боюнча ишке түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ошондо III даражадагы “Манас” ордени менен:

— КР юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович;

“Даңк” медалы менен:

— КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Гильфанов Ильдар Вазифович;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич сыйланды.

“КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ибраев Марат Айылчиевичке ыйгарылды.

“КР геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президенти Турдукожоев Кубанычбек Асанбековичке ыйгарылды.

Ошондой эле КР Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун өндүрүш участогунун начальниги Айтакунов Сагалы Ногойбаевич;

— КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун жеңил транспортту оңдоочу устаканасынын автомобилдерди оңдоо боюнча слесары Алчинов Улан Догдурбаевич;

— КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Арзыбаев Ныязбек Ирашевич;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун щелочтон тазалоо участогунун улук аппаратчиги Асанакунова Айнур Саламатовна;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун бургулоо-жардыруу иштери боюнча бургулоо орнотмосунун машинисти Асиев Мирбек Асанбекович;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун вице-президенти Долматов Дмитрий Анатольевич;

— КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн геологу Зубрицкая Надежда Петровна;

— пенсионер Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун инженердик-геологиялык бөлүмүнүн менеджери Кекиликов Темирбек Качкынбекович;

— КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы Кутубаев Замирбек Райымкулович;

— КР Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун карьерди суусуздандыруу жана кургатуу кызматынын устасы Садыков Кеңешбек Кадырович;

— “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча вахта автомобилинин айдоочусу Турдубеков Марат Ажибаевич;

— КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Шарапов Закир Эшматович;

— КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Эсенаманов Замирбек Садыбакасович.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button