АдабиятМаданият

Молдо Нияздын “Санаттар” китебинин жаңыланган варианты жарык көрдү

Кыргыз элинин алгачкы жазма акыны Молдо Нияздын “Санаттар” аттуу китеби жарык көрдү. Бул туурасында «Молдо Нияз мурастары» коомдук фондунан билдиришти.

Улуу ойчулдун санаттары араб арибинен кыргыз тамгасына Равшан Зулпукаровдун көмөгү менен которулган. Ал эми китеп кылып Омор Сооронов түзгөн.

Китепке Молдо Нияздын чыгармалары топтолуп, кайрадан басып чыгарылган. Анда жазма акындын өзү араб арибинде жазган кол жазмалары да камтылган. Ушуну менен ага арналган жети китеп жарык көргөнү белгиленди.

Молдо Нияз Эрназар уулу — өз заманынын илимдүү акыны, ойчул, философ жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык тексттин, «Санаттар» аттуу кол китептердин автору. Ал 1823-жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Өмүрүн агартуу тармагына арнап, 73 жашында дүйнө салган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button