Маданият

Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата аткаруучулар арасында сынак жарыяланат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Улуттук “Манас” театры менен биргеликте залкар төкмө, акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата автордун чыгармаларын аткаруучулар жана жалпы эле таланттуу аткаруучулар үчүн сынак жарыялайт.
Сынактын максаты залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү аркылуу автордук жана өзүнүн аткаруусунда бизге жеткен баалуу чыгармаларынын керемет үлгүлөрүн түбөлүк сактоо, Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун жолдогон салттык өнөрдүн алып жүрүүчүлөрүн, тактап айтканда салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат.
Сынактын эрежелери
• Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып журүүчүлөрү, улуттук
музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку денгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын таланттуу студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.
• Сынак Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусунда кездешкен же автордук ар
кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар, терме,санат, жоктоолор, залкарлардын айтыштары, эскерүүлөр, дастандар кайрылуу ж.б.) чыгармаларын аткаруучулар арасында өтөт. (Сынакта элдик же залкар инсандарга таандык айрым чыгармалардын обонун Замирбек Үсөнбаев иштеп чыккан болсо же аткарып, чыгармага жаңы өмүр берип, эл алдына алып чыккан болсо, Үсөнбаевдин ошол чыгармага кошкон салымын эске алып, ошондой чыгармаларды да конкурста аткарылчу чыгармалардын катарына кирди).
• Сынакка катышуучулар үчүн бардык чыгармаларынын бириктирилген аудио альбому түзүлүп, атайын KANAT UULU ютуб каналына жүктөлдү ( шилтеме https://youtu.be/5OOpBs Wei).
• Аткаруучулар Замирбек Үсөнбаевдин төмөнкү көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган көлөмдүү чыгармадан бирди
комуз аспабынын коштоосунда аткаруусу керек:
1. Олжобай менен Кишимжан
2. Кожожаш
3. Гөзал кыз
4. Кызыл туу кыргыз кыздары
5. Жыргалын күлкүн эл менен
6. Акбаары
7. Кырк серке жайлоосундагы айтыш
8. Чонду акын”Кези кези келгенде”
9. Эненин арманы 6 уулунан айрылганы
10. Комузчуларга
11. Көк сулуу
12. Алымкулдун 1-жолугушуусу Токтогулга
13. Алымкул менен Сулаймандын айтышы
14. Кош Алымкул. Ысмайыл
15. Каражаак Калмырзанын Шабданга ырдаганы
16. Осмонкул менен Калыктын учурашканы
17. Өзүн бил
18. Кыргыз көчү
19. Карылык
20. Саякбайга арноо
21. Бууракандын белиндеги айтыш
22. Нан жөнүндө терме
23. Токтогул менен Эшманбеттин айтышы (күрөш тууралу)
24. Арноо
25. Ашык элем
26. Жеңиш үнү
27. Кечирип кой
28. ж.б
• Сынактын I, II туру жана финалдык туру 19-ноябрда саат 10:00до Кыргыз улуттук “Манас” тетарынын концерттик залында болот.
• 1- турда куплеттик формадагы чакан обондуу ырларын жана “Гөзал кыз”
чыгармасынан башка чыгармаларды аткаруусу талап кылынат.
Калыстар атайын жободо көрсөтүлгөн баалоо талаптардын негизинде
карай, тандоо айлампасынан өткөн катышуучуларды аныктап, кийинки
айлампага 14 (он торт) аткаруучуга жолдомо беришет.
• 2-турга тагыраак айтканда, экинчи айлампага жолдомо алган аткаруучулар, тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган (тандоо турунда аткарган чыгарманы кайра аткарууга болбойт) эки чыгарманы аткарууга тийиш. Ал эки чыгарманын бирөөсү обондуу (куплеттик формадагы чакан обондуу лирикалык ырлары) ырларынан болсо, экинчиси сөзсүз көлөмдүү чыгарма (мисалга: терме, санат,насыят чыгармалары, казалдар, залкарлардын айтыштары, дастан, кайрылуу,арноо же жоктоо ырлардан же экөө тең көлөмдүү чыгармадан болуусу шарт. Эгерде ушул экинчи айлампада талапка ылайык комуз аспабынын коштоосунда эки чыгарманы аткара албаса финалдык турга өтүү мүмкүнчүлүгү жок. Жогоруда экинчи айлампада жарышка түшкөн 14 аткаруучудан тандалып алынган алты аткаруучу финалда байгелүү орундар үчүн жарышууга жолдомо алат.
• Финалдык турга тандалган аткаруучулар байгелүү орундар үчүн Замирбек Үсөнбаевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган бир чыгарманы комуздун коштоосунда аткаруусу зарыл. Финалдык турда мурда алган упайлар эсепке алынбайт жана мурунку турда аткарган чыгармаларын кайрадан аткарууга болбойт. Финалда чыгарманы эң жогорку денгээлде аткарып, келечекте салттуу өнөрдүн үлгүлүү улантуучусу катары чыгарманын салттуулугун бузбастан мыкты аткарган дарамети күчтүү, бардык талаптарга жооп берген аткаруучулар алган упайларына жараша байгелүү орундарды ээлешет.
Баалоонун негизги талаптары
-Чыгарманын нукуралуулугу;
— Аткаруучулук чеберчилиги;
— Көлөмдүү, аткарууга татаал болгон чон чыгармаларды аткарган катышуучуларга басым жасалат;
— Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк деңгээлинде колдонулушу (дем алуу, дикция, аспап менен үндү туура коштой билиши, үнүнүн өзгөчөлүгү, ж.б.);
— Сахна маданияты ( форма, кийип чыгуу ж.б.).
• Байге фонду 1 000 000 сом (бир млн сом).
• Калыстар тобунун курамына композиторлор, тилчилер, салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр жана Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын терең билген кесипкөй адамдар кирет. Катышуучулардын көрсөткүчтөрү бирдей болуп калганда калыстар тобунун кеңешүүсү менен акыркы чечим кабыл алынат. Калыстар тобунун жыйынтыктоочу чечими кайра каралбайт.
• Сынактын жыйынтыктоочу концерти Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 20-ноябрында саат 18:00дө өтөт.
• Сынак боюнча байланыш номурлар:
0- 700 540 493
0-703 700 797
P.S. Байланыш телефондор аркылуу жогоруда аталган аудио топтомдун шилтемесин алсаныздар болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button