КоомМаданият

Бишкектин түштүгүндө билимге арналган мурал пайда болду

Бишкектин 10-кичирайонундагы турак үйдүн дубалында мурал пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, арт-объекттин авторлору Kyzart Group чыгармачыл тобу. Ал үзгүлтүксүз билим берүү кабарын алып жүрөт.

«Муралда ар кандай курактагы адамдар чагылдырылган. Сүрөттө адам өмүр бою окууга тийиш экендигинин маанилүүлүгү баса белгиленет, анткени билимдин жардамы менен биз көз карашыбызды кеңейте алабыз», — деп белгилешти сүрөтчүлөр.

Белгилей кетсек, жайгашкан жерди тандоодо Октябрь районунун акимчилиги жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүшкөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button