Без рубрики

Укук коргоо жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында шахмат боюнча турнир болуп өттү — ФОТО

Бүгүн, 2023-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын УКМКсы жана Кыргыз шахмат союзу тарабынан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында шахмат ышкыбоздорунун “Тилектештик Кубогу” турнири өткөрүлдү.  Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз боорборунан билдиришти.

Мелдешке жалпы 5 тайпадан турган 25 кызматкер катышып, өз күчтөрүн сынашты.   Тагыраагы,  КР УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин,  КР юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Аталган  турнир интеллектуалдык спортту, анын ичинде шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн бейформал аянтчаны түзүү менен биргеликте ортодогу мамилелерди жакшыртуу максатында  уюштурулган.

Оюн жалпы 7 тур менен өтүп, жыйынтыгында эркек кызматкерлер үчүн өзүнчө, аял кызматкерлер үчүн өзүнчө сыйлыктар каралды.

Анда биринчи орунду алган аял жана эркек кызматкерге 100 миң сомдон, 2-орунга 75 миң сом, 3-орунду ээлеген кызматкерлерге болсо 50 миң сомдон байгелер ыйгарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button