КоомМаданият

Абдикарим Алимбаев Молдо Нияз Эрназар уулунун мектеп-үңкүрүндө жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты

Бүгүн, 20-ноябрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров баштаган жетекчилер Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияз Эрназар уулунун мектеп-үңкүрүндө жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, айланасын көрктөндүрүү иштерине катышышты.
Облус башчысы Молдо Нияз гимназиясындагы акындын оңдоодон өткөн музейин көрүп, жакында өтүүчү мааракеге карата даярдыктар тууралуу маалымат алды.
Өткөн аптада аталган гимназиянын жолу да асфальтталган эле.
Алгачкы агартуучу, жазгыч акын Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата даректүү көркөм тасма да тартылып, жети китеп басмадан чыгарылды.
Азамат Абсаттаров, журналист

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button