Спорт

Бишкекте күрөш залы курулуп жатат

Бишкекте Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча күрөш залы курулуп жатат. Бул тууралуу МЖӨ борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МЖӨ борборунун өкүлдөрү «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо мамлекеттик башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Бегалиев менен биргеликте МЖӨ долбоору боюнча ишке ашырылып жаткан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайындагы күрөш залынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, аталган участок көп жылдан бери бош турган, тагырагы ал эч качан колдонулган эмес. Эми залдын курулушу аяктаган соң күрөш боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештер өтөт. Залды 2024-жылдын жазында ачуу пландалууда.

Маалымдама: Инвестициянын суммасы — 400 миң АКШ долларын түздү. Келишимдин мөөнөтү 20 жыл. Мамлекеттик өнөктөш «Спорттук курулмаларды жана спорттук камсыздоону мамлекеттик башкаруу» мамлекеттик мекемеси болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button