Без рубрики

“Алкан» базарынын ээси ижарачыларга 50% жеңилдик берет

Жүргүзүлүп жаткан салык реформасына байланыштуу “Алкан Базары” контейнерлер үчүн жер тилкелерин ижарага алууда 50%га чейин жеңилдик берет. Бул тууралуу “Алкан Базарынын” “Алканов” тобунун негиздөөчүсү Чыңгыз Алканов билдирди.

«Туруктуулук, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү жана санариптик экономикага системалуу өтүү үчүн биз мамлекеттик саясатты ишке ашырууга салым кошобуз. Ижарачылар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон көптөгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча биз базарлардагы кассалык аппараттардын абалы боюнча бирдиктүү чечимге келдик – биздин ижарачыларды жеңилдетилген шарттарда колдойбуз», – деп белгиледи Чыңгыз Алканов.

Бүгүнкү күндө рынок мурда ишке ашырылган жакшыртуу стратегиясын ишке ашырууну улантууда. Быйылкы жылы чет өлкөдөн келген дүң сатып алуучулар үчүн кошумча ылайыктуу шарттар түзүлгөн жана базардагы ар бир адамды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн заманбап ашкана курулуп жатат деп билдирди. Ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, бардык стратегиялык коммуникацияларды алмаштыруу, ижарачыларга электрондук каттоону киргизүү, кирүүчү жолдорго асфальт төшөө жана башка көптөгөн демилгелер буга чейин ишке ашырылган.

“Алкан базары” тууралуу маалымат

“Алкан базары” – Кыргызстандагы кийимдерди дүң жана чекене сатуучу жалгыз базар, өлкөнүн тигүү тармагынын өкүлү. “Алкан базары” Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө «Made in KG» брендин активдүү жайылтууда. Бул «Алкан Базары» ЖЧКсы 25 жылдан ашык убакыт мурун ишин баштаган. Базарда ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын сатуу менен 2 миңден ашык адам соода-сатык иштерин жүргүзүшөт. 2011-жылдан бери базарда жыл сайын “Made in KG” жарманкеси өтүп келет.

2023-жылы эле базар инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 2022-жылы “Алкан Базары” ЖЧКсы Кыргызстандагы эң ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине кирген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button