Без рубрики

«Героин» менен кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чектеш аймактарынын жашоочулары тарабынан уюштурулган оор баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары З.Э.З. жана Ш.Э.Дж., ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин аймагына баңги каражаттарынын ар кандай түрлөрүн ташуу жана таратуу боюнча туруктуу канал уюштурган коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган.
Натыйжада, 2022-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунан 1105 грамм салмактагы «героин» баңгизатын (кара базарда баасы 5 миллион сомго жакын) ташып бара жаткан жеринен Талас районунун тургундары Ш.Э.Дж. жана бул каналдын уюштуруучусу З.Э.З. кармалган.
Жайыл райондук сотунун чечими менен З.Э.З. жана Ш.Э.Дж. мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.
КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштар үчүн катуу жазалар каралганын эскертет.
Баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды таратуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине билдирүүңүздү өтүнөбүз, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button