Без рубрики

К.Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү

Бүгүн 8-декабрда, жаңы салык системасын оптималдаштыруунун алкагында, ошондой эле айрым деструктивдүү күчтөр тарабынан өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерин уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинин алкагында УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Ташиев УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМКнын башчысы УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ишкердик субъекттери, анын ичинде өлкөнүн ири соода жана оюн-зоок борборлорунун ээлери тарабынан чыныгы кирешелерди жашыруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында тиешелүү кадрдык иштерди жүргүзүү менен мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында коррупцияны жана паракорчулукту жоюу, ошондой эле бул багыттагы башка маанилүү маселелерди чечүү боюнча биринчи кезектеги милдеттерди койду.

Алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруунун максаты базардын соодагерлерине жагымдуу шарттарды түзүү, алар үчүн соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү, ошондой эле соода түйүндөрүнүн жана соода-базар комплекстеринин ээлеринин көмүскө кирешелерин аныктоо болуп санала тургандыгы белгиленди.

УКМКнын мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндөгү көмүскө кирешелерге, коррупцияга жана паракорчулукка бөгөт коюу боюнча иш-аракеттери күчөй турганы айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button