Без рубрики

УКМК «Фейсбук» колдонуучусунун жалган маалыматын төгүндөдү

УКМК “Фейсбук” социалдык тармагында “Сейит Ажыкан” аттуу колдонуучу КР Мамлекеттик бажы кызматында Криминалдык авторитет К.Асанбек жана Р.Матраимов менен байланышы үчүн кызматынан бошотулгандардын ордуна КР Президентинин жана КР УКМКнын төрагасынын адамдары алынып жатат деп тараткан маалымат чындыкка дал келбесин билдирет. Бош орундарга кабыл алуу конкурстун жана кадрдык резервдин негизинде жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде “Сейит Ажыкан” аккаунтунун колдонуучусу Россия Федерациясынын жараны, Талас облусунда 1979-жылы туулган улуту кыргыз, Ажыканов Сейитбек Кадыркулович экени аныкталды, ал учурда АКШда жашайт. С.Ажыканов “Тилекмат Куренов” деп таанылган Кудайберди уулу Тилекматтын жакыны жана өнөктөшү. С.Ажыкановго карата башка колдо болгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК атайылап жалган маалымат таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button