Без рубрики

Жолдо бара жаткан унаадан өрт чыкты

1994-жылы туулган жаран Б.К. өзүнүн “Mazda Demio” үлгүсүндөгү унаасы менен Тыныстанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, “Ак-Кеме” бала бакчасынын тушунан унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтогон.

Андан соң унаадан өрт чыга баштаган. ӨКМдин өрт өчүрүүчү унаасы келгинче, өрттү өчүрүүгө өтүп бара жаткан айдоочулар жана жарандар жардам берип турушкан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Жабырлануучу жок. Белгилеп кетчү жагдай, бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button