Жаңы жыл майрамында кол салгандар кожоюндарынын жоктугунан жана этиятсыздыгынан пайдалана алышат. Жаңы жыл түнүн үйдөн тышкары өткөрө турган жана жашаган жерин уурулардан коргогусу келгендер үчүн жөнөкөй сунуштар.
Акыркы убакта акча жана алтын зер буюмдары кол салуучу объект болуп калган учурлар көбөйдү. Батирлерге кирүү ыкмалары ошол эле бойдон калды: уурулар эшиктин кулпусун бузуп, турак жайга ачык терезелер жана лоджиялар аркылуу кирип, пластик терезелерди жана торлорду чыгарып алышат.
Батирлериңизди жана үйлөрүңүздү коргоо үчүн милиция бир нече эрежелерди сактоону сунуштайт:
— биринчи жана акыркы кабаттардын жашоочулары, ошондой эле жеке сектор терезелерге темир торлорду орнотууну унутпашы керек;
— мүмкүн болсо, ар кандай кулпулар менен кош эшик орнотуңуз;
— ИИМдин Күзөт кызматынын дүрбөлөң баскычын орнотууга кайдыгер карабаңыз.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (КИББ) маалыматына ылайык, катталган кылмыштардын жалпы санынын 70% ашууну — бул бирөөнүн мүлкүн уурдоо болуп саналат. 2023-жылдын январынан ноябрына чейин жарандардын мүлкүнө карата 16 миңден ашык кылмыш жасалган.
Расмий маалыматтар ылайык, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарууда турган батирлерде уурдоого жол берилген эмес
Турак жайдан уурдоонун алдын алууга кепилдик жок, бирок мындай мүмкүнчүлүктү азайтуучу коргоо чараларын көрүү зарыл. Акыркы мезгилде жаңы жыл майрамында үйдө отургандар аз болуп, адатта, көпчүлүк жарандар конокко барышат же саякатташат. Мындай учурда, өз мүлкүңүздү коргоо үчүн алдын ала кам көрүшүңүз керек.
Майрамдык дем алыш күндөрү үйдү кантип коргоо керектигин айтып берели:
— саякаттоого чыгуу пландарды социалдык тармактарда бөлүшпөңүз;
— баалуу буюмдарды, акчаны ар кайсы жерге жашырыңыз;
— үйдөн чыкканда бардык терезе-эшиктерди жабыңыз.
Ошондой эле массалык иш-чараларда мүлкүңүздүн коопсуздугуна кам көрүңүз. Баалуу буюмдарды жана көп акча көтөрбөңүз. Жоопкерчиликтүү жана сергек болуңуз, өзүңүздү жана жакындарыңды, өзгөчө балдарыңызды сактаныңыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы