“Арстан Алай” жаш кыздарды интимдик муктаждыктарын кандыруу үчүн колдонуп жүргөн.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Абдылдаевдин таасирине кабылган кыздардын ата-энелеринен бир катар арыздар келип түшкөн, аларда турмуштук көз караштар өзгөрүп, үй-бүлөлүк мамилелердин бөлүнүшүнө алып келген.

Ага тарапкер жаш кыздарды өзүнө каратып, анын ичинде интимдик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдоно турганы белгиленген.

Негизги контингенти жаш кыздар болгон өзүнүн жолдоочуларын толук көзөмөлдөө максатында А.Абдылдаев аларды турак жай менен камсыздап, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, ошондой эле системалуу түрдө лекцияларды («мантралар» деп аталган) өткөрүп турган, ал  башка диндерден артыкчылыгы, анын жалгыз «Жаңы Кудай» экенине көңүл бурдурган.

Катуу баш ийүү максатында андагы жаш кыздар А.Абдылдаевдин идеологиясын андан ары жайылтуу үчүн укуктар жана милдеттер бөлүштүрүлгөн иерархиялык түзүлүштү түзгөн.

Бул жагдайлар анын шакирттеринин үй-бүлөлүк мамилелерине таасирин тийгизип, Арстан Абдылдаевди жакындарынан жогору коё баштаган, – деп айтылат маалыматта.