Коом

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев мезгилсиз дүйнө салды

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгон.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртен, 1-январда саат 13.30да Жалал-Абад шаарында болот.

Шухрат Айтиев акыйкатчынын орун басары болуп 2023-жылы июнь айында дайындалган.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште сектор башчысы ошондой эле, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Шухрат Анваровичтин жакындарына жана үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Бул оор жоготуу. Шухрат Айтиев боорукер жана ак көңүл адам катары эсибизде. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кетти.

Акыйкатчы институту Шухрат Анваровичтин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысынтең бөлүшөт.

Шухрат Айтиевдин артында жубайы, эки уул жана эки кызы калды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button