Жаратмандар

Түркиянын алгачкы астронавты Гезеравжы космоско учту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Улуттук космостук программанын биринчи этабы болгон «алгачкы космостук миссияга» байланыштуу видеокайрылуусунда, Түркия сыймыктануунун туу чокусуна жеткен тарыхый учурга күбө болгонун айтты.

Президент Эрдоган «Биз республикабыздын экинчи кылымын, космоско учуу менен баштап жатабыз. Илимдин тарыхына кайталангыс салым кошкон цивилизациянын мураскерлери катары биз тарыхый миссиябызды дагы бир жолу аткаруу үчүн абдан чоң жаңы аракеттерди көрүп жатабыз» — деп белгиледи.

Түрк аба күчтөрүнө көп жылдар бою реактивдүү учкуч катары кызмат кылган Алпер Гезеравжы кеңири даярдык жана машыгуулардан кийин Эл аралык космостук станцияга сапар алды.

«Биз 2021-жылы жарыяланган Улуттук космостук программада белгиленген максаттарыбыздын бирин ишке ашырып жатабыз. Эл аралык космостук станцияда 14 күнгө созула турган Улуттук космостук программанын алкагында илимпоздорубуз тарабынан даярдалган 13 эксперимент жасалат. Астрономия, медицина, генетика жана материал таануу сыяктуу тармактарда илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул изилдөөлөрдүн өлкөбүзгө жана илимге пайда алып келишин каалайм” — деди Эрдоган.

Falcon 9 ракетасы SpaceXдин Dragon капсуласын Түркия убактысы боюнча 00.49да Эл аралык космостук станцияга (ISS) алып барат. Falcon 9 ракетасынын узундугу 70 метр, диаметри 3,7 метр жана салмагы болжол менен 550 тонна. Ал жердин төмөнкү орбитасына 22 тонна, геостационардык орбитага 8,3 тонна жана Марска 4 тонна килограмм пайдалуу жүк жеткирүүгө жөндөмдүү. Dragon капсуласынын узундугу 8,1 метр жана 7 адамды көтөрө алат.

Астронавт Гезеравжы космосто 14 күн болуп, Эл аралык космостук станцияда түрдүү илимий миссияларды аткарат. Ax-3 миссиясынын курамында АКШ менен Испаниянын өкүлү Майкл Лопес-Алегрия, италиялык аба күчтөрүнүн учкучу Вальтер Вилладей жана Европа космостук агенттигинин өкүлү Швециядан Маркус Вандт да бар.

Буга чейин АКШ убактысы боюнча 17-январга пландалган учуруу SpaceX тарабынан акыркы текшерүүлөрдү бүтүрүү үчүн бир күнгө жылдырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button