Саясат

Бакетаев: Эл аралык уюмдар Кыргызстан тууралуу эч нерсе билбейт, бирок баяндамаларга «көнүмүш» болуп калган докладдарын жазышат

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев «Кабар» МА берген комментарийинде эл аралык уюмдардын Кыргызстан тууралуу акылга сыйбаган баяндамаларына таң калганын билдирди. Атап айтканда, коррупцияны иликтөөчү Transparency International эл аралык уюмунун рейтинг боюнча өлкө позициясын жоготкон деген пикири суроолорду жаратты. «Алар биздин өлкө жөнүндө эч нерсе билишпейт жана  түшүнүктөрү да жок, бирок ошол эле учурда “көнүмүш» болуп калган отчетторду жазышат”, – деди эксперт.

“Келгиле, үч жылдын ичинде өлкөбүздө болуп өткөн өзгөрүүлөрдү карап көрөлү. Эл аралык коррупциялык схема иштеп, ондогон миллион долларды уурдаган Кумтөрдөн баштайлы. Азыр компания улутташтырылып, алдамчылардын чөнтөгүнө түшпөстөн, мамлекеттик бюджетти толуктап жатат.

УКМК коррупциялык аракеттерди токтотуудан Кыргызстандын казынасына 200 млрд сомдон ашык каражатты кайтарып берген маалыматты кайда катып, кантип танабыз? Улуттук коопсуздук органдары Матраимовдун жана башка көптөгөн адамдардын мыйзамсыз тапкан байлыгын конфискациялап жатат деп эч ким белгилебейт. Эл аралык уюмдардын бул эмне деген методикасы?!

Жыл ичинде төлөм жыйымдары үч эсеге өсүп, 120 млрд сомго жеткен бажынын ишинин көрсөткүчтөрү кандай болушу керек? Ал эми акыркы 3 жылда бюджетке түшкөн салыктардын суммасы алдыдагы 12 жылда чогултулганга салыштырууга болот. Бул коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы эмеспи?

Кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр гана эмес, мыйзамсыз менчиктештирилген ишканалар да конфискацияланат. Азыр мындай объектилерден ондогон, жүздөгөнү өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп, бюджетке салык төлөп жатышат. Эл аралык уюмдар изилдөө жүргүзүү боюнча ыкмаларын өзгөртүүсү керек, антпесе аларга эч ким ишенбейт.

Алар буга чейин мектептер бир чарчы метрине 1200 доллардан курулуп, азыр 500 доллардан кыйла сапаттуу, көлөмдүү курулуп жаткандыгын таптакыр эске алышпайт. Буга чейин 30 жылда 3-4 чакан ГЭС курулган, ал эми акыркы 3 жылда 20 ГЭС курулуп, дагы алдыда пландалып жатат. Мурдагыга караганда үч эсе көп жолдор салынып жатат. Мунун баары өлкөнүн бюджетине келип түшкөн акча менен жасалат. Булардын баары коррупция менен иштөөнүн натыйжасы.

Бизде Кыргызстандын ИДПсы триллион сомдон ашты, бюджет кыйла өстү. Эгерде эл аралык уюмдар мындан эч нерсе көрө алышпаса, анда менде ал жакта доклад даярдап жаткан эксперттердин адекваттуулугунан күмөн саноо пайда болот”, – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Бакетаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button