КеңешКоом

Таттууну талап кылган организмге эмне жетишпейт? Адистин түшүндүрмөсү

Адамдын табити бир эле нерсеге тарта берсе анын организминдеги айрым заттардын жетишсиздигинен же кандайдыр бир илдеттен кабар берет. Бул тууралуу нутрициолог Татьяна Жаровская Sputnik радиосуна курган маегинде түшүндүрүп берген.

Адистин айтымында, таттууларды жегиси келе берген адамдардга белок, хром жана магний жетишсиз болушу мүмкүн.

«Мындан тышкары, организмдин инсулинди кабыл албай калуусунан, кант диабетинен, эндокриндик оорулардан, тамак сиңирүүнүн бузулушунан улам болот. Өнөкөт стрессте да киши таттууну каалай берет, себеби, кортизол гормону көбүрөөк иштеп, ал инсулиндин иштешин шарттап адам ачка болгондой сезимди жаратат. Ошол энергияны толтуруу үчүн таттуу издеп башташат», — деген Жаровская.

Нутрициолог дене-мүчөсүнө ашыкча күч келтиргендер же организмде электролиттер жетишсиздер туздууну каалап каларын белгилеген.

«Адам тамак-аштын тузун өткөрүп жегиси келип калса – бул бөйрөктүн астындагы бездер жабыркаганынын биринчи белгиси. Көп учурда узакка созулган стресстен, денеге көп күч келтиргендиктен жана жетиштүү уктабагандан улам болот. Организмдеги электролиттер бузулганда да туздуу жегиси келип калат. Мындай абал бөйрөк ооруганда же көп тердегенде жаралат. Терчил адамдан электролиттер көп бөлүнүп чыгат, анын жетишсиздигин магний, калийи көп азыктарды жеп толтурууга болот», — деген кеңешин айткан дарыгер.

Жаровская өнөкөт стресстен арылуу үчүн уйкуну жөнгө салып, жетишсиз витаминдерди ичип, туура тамактануу зарыл экенин кошумчалаган. Медитация жасоо, магний кошулуп суу толтурулган ваннага жатып чер жазуу да жардам берерин белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button