Коом

Кара-Балтада 600 миң долларга гемодиализ борбору ачылат

Март айында Кара-Балта шаарында жаңы гемодиализ борбору ачылат. Гемодиализ борборунан билдиришкендей, долбоорго салынган инвестиция 600 миң долларды түздү. 

Аталган борбордо бөйрөк терапиясы – гемодиализ кызматы көрсөтүлөт. Келечекте плазмаферез жана гемоперфузияны киргизүү пландалууда.

“Учурда оңдоо иштери аяктады. Майда косметикалык кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат, андан кийин жабдууларды жана эмеректерди орнотуу башталат”, — деп айтылат маалыматта.

Бейтаптар үчүн гемодиализ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button