Спорт

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бүгүн, 17-февраль күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 180 спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов, КР кармашып урушуу боюнча федерациясынын президенти Сергей Жуманалиев жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Кыз-келиндер арасында: 48, 53, 58, 64, 70, +70 кг;

Эркектер арасында: 57, 62, 67. 73, 80. 88, 97, +97 кг.

Белгилей кетсек, финалдык беттештер эртең, 18-февралда саат 13:00дө башталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button