Коом

Бишкек шаардык кеңеши тыныгуу алды

Бишкек шаардык кеңеши бүгүнкү сессияда жумушунан тыныгуу алуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин ЖМКларда депутаттык корпус өзүн-өзү таркатышы мүмкүн деген маалымат чыккан.

Шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев сессияда административдик-аймактык реформага байланыштуу борбор калаанын аянты кеңейип, депутаттык корпус 235 адамга чейин көбөйтүлөрүн айтты. Ал эми тыныгуу айрым маселелерди чечүү жана сессияны толук кандуу өткөрүү үчүн жарыяланганын түшүндүрдү.

Ал арада шаардык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселелерди талкуулап киргенде, жыйынга катышып жаткан мэр Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы толук аткарылышы керектигин айтып, БШКнын расмий түшүндүрмөсүнө карабай сессия өтүп жатканына нааразы болгон.

Калаа башчысы 235 депутаттын катышуусу менен муниципалитет жалпы жыйын өткөрүүгө шарт түзүп берүүгө даяр экенин айткан соң залдан чыгып кеткен.

Андан соң шаардык кеңеш калган маселени жабык режимде талкуулоону чечти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button