Коом

Санкцияга илинген кыргызстандык компаниялар мурдагыдай эле иштөөдө

2023-жылдын июль айында санкцияланган товарларды Орусияга жеткиргени үчүн  кыргызстандык “ГТМЭ Технологии” компаниясына санкция салынган. Бул компания  Юстиция министрлигине ыктыярдуу жоюлуу (ликвидация) үчүн арыз берген. Бул тууралуу “Акчабарга” аталган министрликтен билдирген. 

Маалыматка ылайык, арыз 2023-жылдын ноябрында берилсе да андан кийин бул багытта эч кандай иштерди аткарган эмес. 

Бул бир эле окуя эмес. Быйыл 23-февралда да АКШнын кара тизмесине кирген казакстандык компания да ишкананы жабуу ниетин билдирген. 

Кошумчалай кетсек, кыргызстандык “ГТМЭ Технологии” менен бирге дагы төрт компания санкциялык тизмеге киргизилген (“РМ Дизайн энд Девелопмент” ЖЧКсы, “Прогресс Лидер” ЖЧКсы, “Карголайн ЖЧКсы” жана “УКОН” ЖЧКсы – быйыл 23-февралдан баштап). Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, “ГТМЭ Технологии”  компаниясынан тышкары алардын бири да ишкананы жабуу ниетин билдирген эмес. Кызыгы,“Ачык бюджет” порталында 2024-жылдын февралында “Карголайн” ЖЧКсы компанияны жоюу үчүн казынага 200 сом жыйым (пошлина) төлөгөндүгү жазылган.   

Антсе да, Юстиция министрлиги аталган компаниядан эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирди. 

Белгилеп кетсек, АКШнын санкциялык тизмесине кирген компаниялар 2023-жылы бюджетти салык жана ар кандай төлөмдөр түрүндө 49 млн сомдон ашык толтурган. Эң чоң салымды “RM Design and Development” компаниясы кошкон, ал 39 млн сомго жакын каражатты түзөт.  

Булак: Акчабар.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button