Коом

Милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязовго “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды

2024-жылдын 15-апрелинде КР Маданият, маалымат, мпорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин министринин орун басары Айбек Абдымомунов, милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязовго “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 3-мартында Кемелбек Киязов Анталияда (Түркия) өткөн эл аралык марафонго катышкан. Ал 10 км аралыкты 43 мүнөт 33 секундда чуркап өтүп, жеке рекордун көрсөткөн. «Спорт чебери» наамын ыйгаруу нормативинен жогору жыйынтык — 43 мүнөт 35 секунд.

Отставкадагы генерал-майор СССР спортунун чебери, Ички иштер министрлигинин ардагери Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги астында машыгат.

Эскерте кетсек, бүгүн 16-апрель күнү Кемелбек Киязов 68 жашка чыгат.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Кемелбек Абдыкадыровичти бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайт! Ар бир туулган күн адамдын тагдырында жаңы баракты ачат жана ар бир адамга эң сонун мерчемдерди жана эңсеген кыялдарды ишке ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет. Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо, сергектик, түгөнгүс жашоо энергиясын каалайбыз!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button