Кылмыш-кырсык

УКМК: Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган  “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жол кыймылынын эрежелерине теориялык жана практикалык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандыгы үчүн жарандардан акча каражаттарын алуу максатында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин (мурда “Унаа”) айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, жарандык ортомчуларды тартуу аркылуу текшерүүдөн өтүп жаткан адамдар менен алдын ала байланыш түзүп, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жол эрежесинин сынактарын “ийгиликтүү” тапшырганы үчүн акча талап кылышкан.

Видео көзөмөл аркылуу уюштурулган иш-чаралардын алкагында сынакты “ийгиликтүү тапшыруусу” үчүн жарандардан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Б.М.Ш. тарабынан 50 миң сомдон акча каражаты системалуу түрдө алынганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 15-апрелинде Б.М.Ш. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button