Кылмыш-кырсык

Күйүүчү май ташыган унаалар жөнүндө УКМК түшүндүрмө берди

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 6-мартында интернет сегментинин айрым социалдык тармактарында Канибадам шаарынан Тажикстандын Худжанд шаарына КР Лейлек районунун Арка айылындагы кыргыз-тажик биргелешкен автожолу аркылуу  жол бойлой бара жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурлуу “май ташуучу унаалардын” өтүүсү боюнча комментарийлер жана видео, сүрөттөр жарыяланган.

Мындай билдирүүлөр Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу заттарды аткезчилик жол менен алып өтүүдө деген катаал айыптоо менен социалдык тармактын айрым колдонуучулары тарабынан түрдүү пикирлерди  жаратты.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.

Бул күйүүчү май ташыган унаалар чындыгында Кыргыз Республикасында юридикалык дареги бар жеке компанияга таандык, бирок Казакстандын жаранына ижарага берилген, анын ишканасы Өзбекстандан Тажикстанга өнөр жай майын ташуу боюнча кызмат көрсөтөт.

6-мартта өзбек-тажик чек арасында унаалар топтолуп калгандыктан бул компания Канибадам-Арка-Ходжент унаа жолуна чыгууга аргасыз болгон. Ижарага алынган жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын жарандары Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүгө мүмкүн болбогондуктан Өзбекстандын жарандары айдаган.

Аталган ишкананын ээлери менен Кыргыз Республикасына тиешелүү автотранспортторду пайдалануу аркылуу келечекте мындай фактыга жол бербөө тууралуу тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button