Коом
Кыргызстандагы төрт күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулат
Өлкөдөгү төрт күрөөкананын лицензиясы жоюлду. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Атап айтканда:
- “Сапат Финанс” күрөөканасы, сериясы Л №0193, 2018-жылдын 12-апрелиндеги №114 каттоосу;
- “Кел-Кел” күрөөканасы, сериясы Л № 0058, 2023-жылдын 14-июлундагы №462 каттоосу;
- «Ломбард 312», сериясы Л № 0113, каттоо 2017-жылдын 11-декабрындагы № 40 каттоосу;
- «Жети плюс тогуз», сериясы Л №0158, 2018-жылдын 16-февралындагы №78 каттоосу.