Коом
Кыргызстанда былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 378 кылмыш иши козголгон
2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 2 миң 958 факты катталып, бул фактылар боюнча 378 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында, 2023- жылы 11 миң 357 коргоо ордери берилген, анын 11 миң 33ү аялдарга, 198и балдарга, 126сы эркектерге берилген.
2023-жылы балдарга каршы кылмыштар боюнча 1 миң 832 кылмыш иши козголуп, анын 1086сы сотко жөнөтүлгөн, 465 кылмыш иши токтотулган, 75 иш тергөө стадиясында.