Коом

Бишкекте 22-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөрүн мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 18-апрелде кол койгон.

«Жылуулук жабдууларын, тармактарын, отканаларды, жылуулук керектөө тутумун 2024-2025-жылдын от жагуу мезгилин сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Берилген кабарга таянып эсептесек, Бишкекте ысык суу 40 күн жок болот. Борбор калаада ысык суу жыл сайын профилактикалык жана оңдоо жумуштарын жасоо үчүн убактылуу өчүрүлүп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button