Коом

Бишкекте ТүркПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 11-жыйыны өттү.

Парламенттен маалымдашкандай, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын парламенттик делегациялары катышты. Ал эми ТүркПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасы, Казакстан парламентинин Мажилисинин депутаты Анас Баккожаев видеоконференцбайланыш аркылуу катышты.

Ал жыйынды ачып жатып, ТүркПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде ТүркПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекова Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 11-жыйынынын күн тартибиндеги негизги маселе катары «ТүркПАга мүчө мамлекеттердин соода-сатыктагы миссиясы: улуттук экономиканы чыңдоо жана биргелешкен экономикалык кызматташууга салым кошуу» темасын талкулоо экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө өлкөлөр ортосундагы эл аралык, экономикалык жана соода мамилелерин кеңейтүүгө салым кошкон соода-сатык өкүлчүлүктөрү өзгөчө орунду ээлеши керектигин айтты.

Ал эми ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрея Эр экономикалык интеграция дүйнөдө маанилүү роль ойноп, өлкөлөр ортосундагы экономикалык алакаларынын өнүгүшүнө салым кошуп жатканын белгиледи. Муну менен катар ал мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу жаатындагы маселелерге да токтолду.

Андан тышкары, ТүркПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын мүчөлөрү «ТүркПАга мүчө мамлекеттердин соода-сатыктагы миссиясы: улуттук экономиканы чыңдоо жана биргелешкен экономикалык кызматташууга салым кошуу» отчетунун долбоорун угуп, «Соода-сатык өкүлчүлүктөрү жөнүндө» жана «Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын негиздери жөнүндө» моделдик мыйзам долбоорлорун талкуулашты.

Ошондой эле ТүркПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-жыйынынын «Энергетикалык коопсуздук экономикалык туруктуу өнүгүүнүн фактору катары» аттуу темасы бекитилип, «Экономикалык иштеги таза энергия жөнүндө» жана «Транспортту, чек араларды жана бажы процедураларын санариптештирүү жөнүндө» моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button