Коом

Кыргызстанда 70 мектеп жана 30 бала бакчага 5,5 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигине пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакча үчүн 5 млн 500 миң сомдук заманбап жабдуулар тапшырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, жабдуулар Ага Хан фондусунун «Мектептер2030» программасынын алкагында тапшырылды. Анын ичинде интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдар бар.

Бул жабдуулар жана окуу материалдар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан инновациялык чечимдерди жана сунуштарды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган.

2021-2023-жылдар аралыгында аталган программа 35 млн сомдук заманбап жабдыктар, эмеректер жана китептер менен пилоттук мектептерди камсыздап келген. Быйыл июнь айында «Мектептер2030» программанын алкагында Глобалдык форум өтөт. Форумга 36 өлкөдөн 200дөн ашуун өкүл келип, Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышат.

«Мектептер2030» – 10 мамлекеттеги 1000 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган глобалдык 10 жылдык программа. Программанын максаты балдардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандыруу үчүн билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жайылтуу.

Пилоттук мектеп жана бала бакчалардын тизмеси

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button