Саясат

Садыр Жапаров Астанадагы «Казакстан гарыш сапары» улуттук космос борборуна барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында «Казакстан гарыш сапары» Улуттук космос борборуна барды.

Ал жакка барганында Казакстандын космостук жетишкендиктери жана космостук аппараттарды чогултуу-сыноо комплексинин иши көрсөтүлдү.

Казак адистери космостук мониторинг жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти, космостук аппараттарды жасоо этаптары жана даярдалган тетиктердин үлгүлөрү менен тааныштырды. Мындан тышкары, Президент жана расмий делегациянын мүчөлөрү космоско жөнөтүлгөнгө чейин спутниктерди сыноо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан аймактарды карап чыгышты.

Борборго барганында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов коштоп жүрдү. Эки өлкөнүн космос тармагындагы өнөктөштүгүнө да көңүл бурулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button