Кылмыш-кырсык

Лейлекте диплом, айдоочулук күбөлүк алып берем деген шытоо менен жарандарды алдап жүргөн жаран кармалды

Лейлек районунун тургундары 2023-жылдын июль-август айларынан бери К. аттуу жаран алардын ишенимине кирип, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып берем деп, бааланган сумманы алып, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып бербей изин жашырып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
   Лейлек РИИБне жалпысынан бул багытта 9 арыз түшүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, К. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктап кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.  
   Тергөө иштеринин жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран жабырлануучуларга жалпысынан 720 000 (жети жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталган.
   Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 44 жаштагы тургуну А.К. Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалып, Баткен облусуна алынып келип, тергөө кызматына камсыздалды.
   Учурда кылмышка шектүү жарандын үстүнөн, тергөө иштери уланууда.
   Ал эми жогорудагы жарандан жабыр тарткан жарандар болсо 102, 03656 5 00 39, 0779-14-97-01 номурларына кайрылсаңыздар болот.









   

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button