Без рубрики

Менде байлык, балам, жолдошум бар. Бирок бир нерсе жетишпейт…

Пенденин оозундагы кудайдын кулагында деген жөн жеринен айтылбаптыр. Курбу кыздар менен студент кезде сүйлөшүп отуруп айта берчү элем. Жатаканада ачка отуруп сабак окугандан көрө бир » папик» таап алсам. Баары жок бар, кийим, машина, жегеним алдымда жебегеним артымда, башымда шляпа, колумда гаухар шакек дей берээр элем.

Төртүнчү курста окуп жүрүп бир кафеге официант болуп иштеп калдым. Ал жерге кымбат кийинген, жашы 50 дөн өткөн байке келип тамак жеп кетчү. Жанында дайыма эки жан сакчысы кошо жүрчү. Бир күнү аларды тейлөө мага туш болду. Болушунча жогорку деңгээлде тейлегенге аракет кылып өзүмдү көрсөттүм. Кетип баратып мага чай акы менен бир бүктөм кагаз берди. Анда телофон номери жазылуу экен. Ошентип күндө келип жүрдү, акырындан тааныша баштадык. Өзүнүн бизнеси бар экен.

Менин сулуулугума ашык болгонун, эч нерседен кем кылбай караарын, жакында мамлекеттик абройлуу бир ишке иштээрин айтты. Кыздарга келип мен папик таптым дедим. Кыздар кыйраттың , катыны келип чачыңды бирден жулбасын деди. Мен жулдура тургандай көрүнүп атамбы деп койдум. Карачы байлык, барчылык адамды кандай өзгөртөт. Мен ал кишиге акыры турмушка чыктым. Жашоом алгач ойдогудай болду. Экзамен бербей этпей эле диплом алдым. Астымда машина, үстүмдө үй, айтор жомоктогудай жашоо башталды. Бара-бара курбуларым менен да көп кезикпей калдым. Бир жолу аялы келип, башымдан ылдый карап , тозокко кош келдиң. Акылың жок экен, сенин ордуңда болсом эркиндикте жыргап жүрөт элем деди. Кызганычтан оюна келгенди айтат дедим. Арадан убакыт өтүп папигиме бир уул төрөп бердим. Алгач кубанып, баарын алып берип карады.

Кийинчерээк жумуштан чолосу тийбей келбей калды. Уулум жөргөлөп, кылыгы чыгып, өзүм жалгыз жетишпей, түнү уйку жок сулуулук сымбатым кете баштады. Папик мурункудай көп келбей, азык-түлүк жан сакчысы аркылуу берип жиберет. Шаардын чок ортосунда тогузунчу кабат мен үчүн түрмөгө айланды. Үйүдө баары бар, бирок мурдагыдай курбулар менен кобурашуу, каткырып күлүү жок. Көчөгө чыгып бассам жалгызмын коляска сүйрөп.

Экинчиден көргөндөр ии тиги папигинен төрөгөн экен деп айтпасын деп намыстанып көчөгө да көп чыкпайм. Аттиң,азыр жөнөкөй эле өзүм теңдүү балага тийсем, батирде жашасак да, чогуу басып, чогуу туруп, күндө бир жаздыкка баш коюп, балабыздын ар бир кылыгына кызыгып бактылуу болот белем. Папиктин да папиктей азабы бар экен. Азыр мага мындай байлык, барчылык , жакшы мамиле, көңүл жылыткан сөздөрдүн алдында бир тыйынга арзыбайт. Курбу кыздар аяштары менен тоого чыгып, көлгө барып, тойлордон түшкөн сүрөттөрүн киргизишет , аларды көрүп ичтен сызып кала берем.

Булак: kadam-media.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button