Саясат

А.Касымалиева: » Медициналык кызматкерлердин базалык бөлүгүнүн айлыгы көтөрүлгөн эмес «

Вице-спикер Аида Касымалиева өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселесин карап чыгышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы бир аз көтөрүлгөн. Бирок медициналык кызматкерлердин базалык бөлүгүнүн айлыгы көтөрүлгөн эмес. Биз баарыбыз түшүнүп турабыз, бюджетте таңкыстык бар. Бирок ошого карабастан, өкмөт башчы бардык тараптар менен чогулуп келечекте айлыктарын көтөрүүнү карап чыгышы керек», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button