Коом

Бишкекке Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстандын жарандары келишти

2020-жылдын 11-июнунда «Манас» Эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргыз Республикасынын 187 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.

Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты.

Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button