Кылмыш-кырсык

Милициянын кайгуул кызматы каракчылыкка шектүү жаранды кармады

2020-жылдын 20-июнунда болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде «авто унааны уурдап кетти» деген маалымат келип түшөт. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда, 1981-жылы туулган С.Б аттуу аял киши арыз менен кайрылган.

Анда ушул эле күнү саат 02:30 чамасында арыз ээсинин 1984-жылы туулган М.И. аттуу жолдошун Пригородный айланма жолунда белгисиз бала бычак менен бир нече жолу сайып, арык жээгине таштап кетип, «Део Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен. Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1998-жылы туулган Э.М аттуу жаран кармалып, Аламүдүн райондук ИИБгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы, маалымдагандай, азыркы учурда бул факт Аламүдүн райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button