Улуу Британиянын Даун (Ирландия) округунун жашоочусу 133 килограммга арыктап, бул натыйжага кантип жетишкенин айтып берди. Анын арыктоо ыкмсын  Daily Mail агенттиги жазып чыкты.

Фил Каестин салмагы 235,8 килограммды түзгөн. Дарыгерлер ага мындай салмагы менен 40 жашка чыкпай тургандыгын эскертишет.  Ал алардын сөзүн укпай, 2017-жылга чейин энесинин рак ооруусуна чалдыкканын укканда гана арыктоо керек экендигин түшүндү.

Каес бала кезинен бери ашыкча салмактан жабыркап келген.  Ирландиялык мамлекеттик кызматкер болуп иштегенде, сырткы келбетинен уялып, офистен башка эч жакка чыкпай калган.

 «Мен көп адамдардан,  үйлөнүү тойлорунан алыс болдум. Мен учактын отургучуна сыйбай турганымды билчүмүн, ошондуктан саякатка чыкпай койдум, бирок аябай кааладым. Ошол учурда мен жаңы эле иштеп, үйдө жашынып, тамактанып жаткам. Бул абдан жагымсыз, жалгыздык мезгил болчу «,- дейт.


Эң негизгиси, ал өлгөндөн кийин анын сөөгү үчүнчү кабаттан чыгарылбай калабы деп чочулаган. Ал  арыктоону каалаган жергиликтүү топко кошулуп, тамактануу планын өзгөртөт. Анын диетасына картошка, макарон, жер-жемиштер киргендиктен  ал ачка болбой, бат арыктап баштаган.  Каес кошумчалагандай, арыктоочулардын курчоосунда, арыктоо  оңой болгон.

Ошентип ал 30 жылдан соң велосипедге отурат, йога менен машыгат.

«Азыр менин жашоом такыр башка: ал мүмкүнчүлүктөргө, досторго жана укмуштуу окуяларга толгон. Сүйүктүүмдү кезиктирип, экөөбүз Жер ортолук деңизине саякатка барып келдик», — дейт Каес.