Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштоодо

484

Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу «Альянс БУС» ишканасынын өкүлү Григорий Николаиди билдирди.

Анын айтымында, пандемия мезгилинде микроавтобустун айдоочулары чыгымга учурап жатышат.

«Унаалар бош болуп, орундардын 70-80 пайызы гана толушу керек. Бул чыгымдарды актабайт. Андыктан азыр өзгөчө кырдаал убагында жол кирени көтөрүп турса. Жүргүнчүлөр 20 сом үчүн олтуруп барууга даяр», — дейт ал.