Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттиги оор жоготууга учурады.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда 60 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу, КР ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анварбек Шадыканович 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районунундагы Миң-Булак айылында туулган. Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң, 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.

Анварбек Иманбаев ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Кесиптешибиз өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

Артында калган жубайына, уул-кыздарына терен кайгыруу менен көңүл айтабыз.

З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К. Алимбеков, К.О.Ахматов, Р.Р.Рысбаев, Б.Дж.Оторбеков, А.Т.Бекилов, А.Ж.Раманкулова, Асанбай кызы М. жана Кыргызгидрометтин жамааты.