Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан бюджетке 4 миллиард 704 миллион 82 миң сом түштү

296

Үстүбүздөгү жылдын алты айында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан республика бюджетине 4 миллиард 704 миллион 82 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруунун эсебинен 991,34 миллион сом алынган. Ал эми мамлекеттик казыналык облигациялардан 3 миллиард 713,48 миллион сом түшкөн.

Белгилей кетсек, Финансы министрлиги быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 15,4 миллиард сомун мамлекеттик баалуу кагаздар менен толтурууну пландаган.

Мамлекеттик казыналык вексель (МКВ) — кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаздар. Бир вексель 100 сомго барабар. Жүгүртүү мөөнөтү бир айдан 12 айга чейин. Дисконтту жарандар номиналдык наркынан төмөн баада сатып алып, номиналдык наркы боюнча төлөйт. Ушунун эсебинен 4-5 пайыздык киреше түшөт.