Коом

«Союзмультфильм» мамалак Умка тууралуу жаңы мультсериалдын үстүндө иштөөдө

«

Умка деген атка ээ мамалактын кылык-жоруктары тууралуу жаңы сериалдын үстүндө иш жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата персонаждардын типажы түзүлүп, алардын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү ойлонуп табылды. «Союзмультфильм» киностудиясынын директору Борис Машковцевдин айтымында долбоорго чет элдик өнөктөштөр дагы кызыгышууда.

Буга чейин киностудия башкармалыгынын төрагасы Юлиана Слащева үстүбүздөгү жылы «Союзмультфильм» 26 мультсериал тартууну пландап жаткандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, режиссёрлор В. Попов менен В. Пекардын «Умка» аталышындагы мультфильми алгач 1969-жылы көрсөтүлгөн. Оригиналдуу баяндын жана сценарийдин автору Юрий Яковлев мультфильмдеги эне менен баланын ортосундагы аруу мамилени Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон энесинин жаркын элесине арнаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button