Коом

Дональ Трамп Царнаевдин өлүм жазасына тартылышын талап кылат

АКШ президенти Дональд Трамптын айтуусу боюнча «Федералык бийлик Жохар Царнаев атуу террористтин өлүм жазасына тартылышы үчүн бардык күч аракетин жумшайт».

Эске сала кетсек, Царнаев 2013-жылы Бостон шаарында өтүп жаткан марафондо агасы Тамерлан менен бирге теракт уюштурган жана анын кесепетинен үч адам өлүп, 280ден ашык адам жарадар болгон.

Өткөн жума күнү апелляциялык сот өлүм жазасына тартуу боюнча Царнаевге карата мурда чыгарылган чечимди жокко чыгарган. АКШ президенти Дональд Трамп апелляциялык соттун мындай чечимине макул эмес экендигин, деги эле бул процесс өтө узак убакытка созулуп кеткендигин жана Царнаевди өлүм жазасына тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаарын баса белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button